Башкырстандын соту тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү катары 21 кишини 3 жылдан 24 жылга чейин түрмөгө кести. Айрымдарына "бийликти басып алыш үчүн кутумга барган" деген айып тагылды.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрүн ислам халифатына бириктирүүнү көздөйт. Орусиянын Жогорку соту топко 2003-жылы тыюу салган, ал эми анын колдоочуларын “экстремисттердин” катарына кошкон. "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлөрү уюм тынч максаттарды гана көздөөрүн айтып келет.