Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды топтош үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 63 миллион 362 миң 758 сом көлөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Кайтарылган каражаттар кайсы фактылар боюнча жана кимдерден өндүрүлгөнү айтылган жок.
Финансы министрлигинин карамагындагы Борбордук казыналыктын 2018-жылдын 24-июлуна карата берген маалыматына караганда, бирдиктүү депозиттик эсепке 169 миллион 314 миң 359 сом келип түшкөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин алдында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура, Финансы полициясы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек. Акча өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт. (КЕ)