Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Беларус Данияр Үсөновду эмне үчүн кайтарып бербегенин түшүндүрдү


Өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырган адам (ортодо).

Беларустун Башкы прокуратурасы 2010-жылы өлкөдөн качкан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду эмнеге Кыргызстанга кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү. Жергиликтүү маалымат каражаттары тараткан кабарга караганда, бул өлкөнүн башкы көзөмөл органы Кыргызстандын өтүнүчүн аткаруудан эки ирет баш тарткан. Беларус бул талап саясий куугунтуктан улам болуп жатканын билдирген.

“Беларустун Башкы прокуратурасы 2018-жылдын 7-июлунда Данияр Үсөновду Кыргызстанга өткөрүп берүү тууралуу сунушун Конвенциянын 1-беренесинин “е” пунктунун негизинде четке каккан. Бул талап саясий куугунтуктан улам болуп жатат деп эсептөөгө кескин негиз бар”, - деп жазылган прокуратура тараткан маалыматта.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн.

2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан. Ушул эле жылдын апрель айында Кыргызстан тараптан Данияр Үсөновду өткөрүп берүү боюнча экинчи өтүнүч жөнөтүлгөн.

Беларусь медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземинде тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырып, бирикменин директору болорун билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларустун расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү тууралуу Минскке нота жөнөттү.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген. Кыргызстандан кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч жерде чыккан эмес. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG