Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Африкада орусиялык журналисттер курман болду


Журналист Орхан Жемал
Журналист Орхан Жемал

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев каза тапканын «Дождь» телеканалына «Иликтөөлөр борборундагы» эки башка булак бышыктады. Чыгармачыл топ «Вагнердин аскердин жеке компаниясы» жөнүндө документалдуу тасма тартып жүргөн. Алардын курман болгонун Улуттар Уюмунун Борбордук Африка Республикасындагы миссиясы дагы ырастады.

Чыгармачыл топ баш калаа Бангиден башка шаарга баратканда өткөрмө бекетте токтотулган. Андан ары эмне болгону белгисиз. Курман болгондордун сөөктөрү аныкталды.

Буга чейин үч орусиялык киши колдуу болуп, алардын экөөнүн жанынан «Известия» басылмасынын пресс-картасы табылганы кабарланган. "Франс-пресс" агенттиги сөөктөр Сибю шаарынан 23 чакырым жерде табылганын билдирди. Агенттиктин маалыматына караганда, орусиялыктар белгисиз куралдуу топтун колунан каза тапкан.

Жемалдын курман болгонун «Эхо Москвы» радиосунун башкы редактору Алексей Венедиктов дагы кесиптешинин айтканына таянып бышыктады.

52 жаштагы белгилүү журналист Орхан Жемал учурунда Ооганстан, Ирак, Ливан, Ливия, Сирия жана Сауд Аравиясындагы куралдуу жаңжалдарды чагылдырган.

Орусиялык аскерий контингент Борбордук Африка Республикасынын президенти Фостен-Арканж Туадераны кайтарууга жана жергиликтүү аскер күчтөрүн машыктырууга тартылганы жөнүндө маалыматты «Новая газета» француздардын Le Monde гезитине таянып, июнь айынын башында жазып чыккан.

Александр Расторгуев
Александр Расторгуев

Режиссер-документалист Александр Расторгуев 2012-жылы НТВ каналынын алып баруучусу Алексей Пивоваров жана документалист Павел Костомаров менен чогуу "Реальность" деген долбоорду баштаган. Экөө тең "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташкан.

XS
SM
MD
LG