Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Финполиция: ири өлчөмдө салык төлөбөгөн факт аныктады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 3 млн.700 миң сомдон көп суммадагы салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталганын кабарлады. Маалыматка караганда, К.С. атуу жеке ишкер 2017-жылдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүү боюнча ишкерлик кылып келгени аныкталган, бирок салык төлөбөй келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинде (“Жеке ишкердин салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качышы”) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG