Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

“Коопсуз шаар”: сынакка катышкан компаниялар 10-августта белгилүү болот


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынакка кайсы компаниялар катышканы 10-августта гана белгилүү болот. Бул тууралуу “Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 3-4 компания долбоорго катышкысы келерин билдиришкен.

- Бул онлайн сынак. Каалоочулар 10-августка чейин каттоодон өтөт, бирок биз аны көрө албайбыз. Ошол күнү гана ачабыз. Азыр ага катышууга кызыккан үч-төрт компания бар.

Бакыт Шаршембиевдин айтымында, өкмөт бул жолу "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырыш үчүн сервистик модел ыкмасын тандап алды. Ага ылайык, долбоорго мамлекет каражат салбайт. Керектүү жабдууларды сынактан жеңип чыккан компания орнотот. Кийин өкмөт ал компаниядан видеокаттоо системасына жазылган маалыматтарды сатып алат. Сынактан уткан компания жол эрежеси бузулган учурларды чогултуп, аны өкмөткө сатат. Өкмөт айдоочулардан алынган айыппулдан компанияга да бөлүшүп, натыйжада ал долбоорго берген инвестициясын кайтарып алат.

Долбоор боюнча сынак 20-июлда жарыяланган. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG