Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Ооганстанда эки жүздөй согушкер армияга багынып берди


Ооган күчтөрүнө багынып берген согушкерлер.
Ооган күчтөрүнө багынып берген согушкерлер.

Ооганстандын Жаузжан провинциясында өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун кеминде 200 согушкери армияга багынып берди. Бул тууралуу провинциянын полиция башчысы Факир Мухаммад Жаузжани 1-августта билдирди.

Жоочулардын багынып беришине бул провинцияда "Ислам мамлекети" тобу менен "Талибан" кыймылынын ортосунда бир айдан бери уланып жаткан кармаш себеп болду. 31-июлда эки атаандаш топтун ортосунда жаңы куралдуу кагылышуу болгон.

Жаузжан провинциясындагы Дарзаб районунун полиция башчысы Мухаммад Исмаил да кармаштан качкан согушкерлер өздөрү келип, ооган коопсуздук күчтөрүнүн колуна түшүп берип жатканын айтты.

Азырынча бул маалымат боюнча "Талибан" кыймылынын же "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун билдирүүлөрү чыга элек.

XS
SM
MD
LG