Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Орусияда үч журналисттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Африкада курман болгон орусиялык үч журналист.
Африкада курман болгон орусиялык үч журналист.

Орусиянын Тергөө комитети Борбордук Африка Республикасында орусиялык үч журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Журналист Орхан Жемалдын, режиссер Александр Расторгуевдин жана оператор Кирилл Радченконун өлүмү боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси менен иш ачылганын комитеттин басма сөз кызматы шейшембинин кечинде кабарлады.

Чыгармачыл топ эки күн мурда Бамбари шаарына баратканда ортодогу Сибю шаарынан анча алыс эмес жерде буктурмага кабылганы кабарланууда. Кол салуудан автоуунанын айдоочусу аман калган.

"Айдоочу түшүндүрүп бергендей, алар Сибю шаарынан 23 чакырым жерде экен. Куралчан кишилер бадалдан чыга калып, автоунааны атып киришкен. Үч журналист окуя болгон жерде мүрт кеткен", - деп билдирди Сибю шаарынын мэри Анри Дэпеле.

Сөз болуп жаткан журналисттер «Вагнердин аскердик жеке компаниясынын» Борбордук Африка Республикасындагы ишмердигин иликтеп жүрүшкөн. Бул компаниянын жалданма жоокерлери Украина жана Сирия сыяктуу өлкөлөрдөгү куралдуу кармаштарга Кремлдин атынан катышып жатканы кабарланып келет. Бирок расмий Москва бул маалыматтарды четке каккан.

Африкада курман болгон журналисттер Кремлди сындап жүргөн Михаил Ходорковский каржылаган "Иликтөөлөрдү башкаруу борборунда" иштеп жатышкан.

XS
SM
MD
LG