Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасов билдирди:

- Эгизбаев чөгүп кеткен окуя Ысык-Көл районунда кылмыш каттоо китебине катталып, иликтөө иши жүрүп жатат. Жазык-процессуалдык кодексте көрсөткөндөй кылмыш боюнча үч же 10 күндүн ичинде чечим кабыл алынышы керек. Эгер бул аралыкта чечим кабыл алынбаса, прокурордун макулдугу менен бир айга узартылат. Бул факты боюнча дайындалган экспертизанын корутундулары даяр боло элек, берилген тапшырмалар боюнча жооптор келе элек. Иликтөө толук объективдүү болушу үчүн Ысык-Көл райондук прокуратурасы аны бир айга узартты.

Мунайтбасовдун айтымында, “Эгизбаев киши колдуу болду” деген көрсөтмө жок болгондуктан иш козголо элек. Бирок ал эс алган пансионатта коопсуздук чаралары алдын-ала көрүлбөгөнү айтылды.

- Кырсык боюнча иш козголбойт. Эгер киши колдуу болуп, денесинде күч колдонуунун белгилери болсо козголмок.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген. Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын акыркы толук жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек. (КЕ)

Токтонасыров: Уландын окуясы дыкат текшерилсин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00

XS
SM
MD
LG