Денис Тен - жарк эткен жылдыз
Казакстандык 12 жаштагы Нурали Бейсекожа маркум фигурист Денис Тенге арнап музыка жазды. Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан. Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 26, 2026Бишкек: Экс-депутаттын аты аталган үй талаш
-
Октябрь 26, 2026Сербияда Вучичтин партиясы студенттерге утулду
-
Октябрь 26, 2026Аскат акын: "Токтогул көргөндү мен да көрдүм"
-
Октябрь 25, 2026“Памирдеги кыргыздар менен жашап келдим”
-
Октябрь 24, 2026"Чубак агам менин көз карашымды сыйлачу"