Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Чек арачылар Өзбекстанга өтүп кеткен 250гө жакын койду кайтарып алышты


Кыргызстандагы кой чарбасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы кой чарбасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын Ала-Бука райондук бөлүмүмүн кызматкерлери жайылып жүрүп Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 246 баш кой-эчкини кайра кайтарып алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Жалал-Абад облусунун аталган районундагы Совет-Сай айылынын эки тургуну 31-июль күнү жайган кою коңшу өлкөгө өтүп кеткенин чек арачыларга кабарлашкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин малды өзбекстандык чек арачылар Кыргызстанга өткөрүп берген.

Малчыларга койлорун тиешелүү эмес жерлерге кайтарганы үчүн Кыргызстандын мыйзамына ылайык айыппул салынды.

Бир нече жыл мурда эки өлкөнүн ортосунда жайылып жүрүп, чек арадан өтүп кеткен мал-жандыктардын артка кайтарылышы кыйын болчу. Бир нече кыргызстандыктар Өзбекстандын чек арачылары жүздөгөн баш малын бербей койгонуна даттанган учурлар болгон. Эки өлкөгө тең жаңы президенттер келгенден бери Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматы бири-биринин аймагына өтүп кеткен малды кайтарып берүүнү да жөнгө салышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG