АКШ Түркиянын эки министрине – Ички иштер министрлигинин башчысы Сулейман Сойлуга жана Юстиция министрлигинин жетекчиси Абдулхамит Гүлгө каршы санкция киргизди. Вашингтон аларды америкалык диний ишмер Эндрю Брансонду куугунтукка алган деп эсептейт.
Санкциялар “Магнитский мыйзамынын” алкагында коюлду. Бул мыйзам АКШнын Финансы министрлигине адам укуктарын бузган адамдарга карата чектөө киргизүүгө жол берет.
Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "Терроризм" жана "Тыңчылык” беренелери боюнча айып тагылган. Түрк бийлиги аны "Америкада бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине жардам берген жана күрт жикчилдерин коргогон" деп айыптап жатат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал 35 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жаткан пастор Брансон 25-июлда тергөө абагынан үй камагына чыгарылган.
АКШ Брансонду өз мекенине депортация кылат деп күткөн, андай болбосо Түркияга санкцияларды киргизерин айтып коркуткан. Анкара да жооп чараларга барарын билдирген эле. (ErN)