Кыргызстанда жыл башынан бери 104 киши сууга чөгүп каза болду. Алардын 81и жай мезгилинен бери катталган учурлар. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жарандык коргоо башкармалыгынын улук офицери Өмүрбек Чокомбаев басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл 187 куткаруучу окуудан өтсө, анын 129у Ысык-Көлдөгү пансионаттарда иштеп жатат.
Сууга чөгүп каза болгондордун 20дан ашууну балдар. Адистер ата-энелерди балдарын көзөмөлдөөгө чакырышты. (КЕ)