Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

БУУ орусиялык журналисттердин Африкада өлтүрүлүшүн тергөөгө жардам берет

Бириккен Улуттар Уюму.
Бириккен Улуттар Уюму.

Борбордук Африка Республикасындагы БУУнун бейпилдик миссиясы орусиялык журналисттердин өлүмүн териштирүүгө жардам берет. Орхан Жемалдын, Алекандр Расторгуевдин жана Кирилл Радченконун сөөктөрүн жана машинесин биринчилерден болуп бейпилдик күчтөрүнүн аскерлери табышканын Улуттар Уюмунун басма сөз өкүлү Фархан Хак 1-августта билдирди. "Маркумдар БУУнун Сибюдагы ооруканасына жеткирилген. Кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сөөктөрдү борбор шаар Бангиге алып кетишкен. Окуянын чоо-жайы азырынча тактала элек", - деди Хак.

2013-жылы козголоңчулар президентти бийликтен кулаткандан бери Борбордук Африка Республикасында зордук-зомбулук өкүм сүрүп келатат. Бирок Улуттар Уюмунун миссиясы журналисттер киши колдуу болгон аймакты куралдуу күчтөр менен кошо кайтарып жүрүшкөн. Ал жер салыштырмалуу тынч болчу.

Орусиялык журналисттердин тобу “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” деген ат менен белгилүү болгон орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө документалдуу фильм тартмак. Версиялардын бирине ылайык, орусиялыктар бараткан машине буктурмага кабылган. Аларга карактоо максатында кол салышканы да айтылууда. Дагы бир божомолдор боюнча кылмышкерлер маркумдарды туткундап, кийин өлтүрүшкөн.

Ал арада Журналисттерди коргоо эл аралык комитети журналисттердин өлүмүн жакшылап териштирүүнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG