Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Иранда нааразылык акциялары өтүп жатат


Иран. Караж шаарындагы нааразылык акцияларынан бир көрүнүш. 1-август, 2018-жыл.
Иран. Караж шаарындагы нааразылык акцияларынан бир көрүнүш. 1-август, 2018-жыл.

Тегерандын четиндеги Караж шаарчасында экинчи күн катары менен нааразылык акциялары уланып жатат. Социалдык медиага чыккан маалыматтарга караганда көчөлөргө агылган эл экономикалык каатчылыкка нааразылыгын билдирүүдө. Видеолордун биринде динаятчылардын бийлигин кулатууга чакырган ураандар да бар. Бирок "Эркин Европа/Азаттык" радиосу видеонун чын-төгүнүн текшере алган жок.

Канча киши кармалганы же жабыркаганы жөнүндө маалымат түшө элек. Инфляциянын күчөшүнөн улам пайда болгон экономикалык кыйынчылыктарга нааразы болгон эл Ирандын башка шаарларында да көчөлөргө чыкты. Апрелден бери улуттук валюта – риалдын долларга карата наркы 50 пайызга түштү.

Май айында АКШ 2015-жылы түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимден чыгаарын жарыялап, Иранга каршы санкциялар кайра киргизилерин билдиргенден бери риалдын куну кескин түшө баштады.

XS
SM
MD
LG