Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Өкмөт жаңы окуу жылына даярдыкты талкуулайт

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү. Буга чейинки жыйындардан тартылган сүрөт.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү. Буга чейинки жыйындардан тартылган сүрөт.

Бүгүн, 3-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү жаңы окуу жылына даярдыкты талкуулайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Анда жалпы билим берүүчү мекемелердин абалы, маселелери, Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-2019-жылга иш пландары тууралуу кенен маалымат берилет.

Жыйында кыргыз өкмөтүнүн калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча 2019-2020-жылдарга пландалган программасы да сөз болот.

Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда ачылат. Өлкөдө жалпы 2 миң 240 мектеп бар. Билим берүү министрлигинин сайтында жазылгандай, аларда жалпы 1 млн. 158 миң 482 бала окуйт. (ErN)

XS
SM
MD
LG