Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Баткен облусунун тургуну 4 килограмм нашаа менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында баңгизат ташуу боюнча шектүү кишини кармашты. Бул тууралуу маалымат мекеменин өзүнөн алынды.

Анда айтылгандай, кармалган адам Баткен облусунун 35 жаштагы тургуну экени аныкталды. Анын “Мицубиси-Паджеро” үлгүсүндөгү автоунаасынан полиэтиленге оролгон төрт килограммдык шектүү зат алынган. Аны текшергенден кийин нашаа экени такталган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу") менен кылмыш иши козголгон. Кармалган адам ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG