Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:00

Жалал-Абад облсотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров каза болду

Маркум Шаршенбек Камбаров.
Маркум Шаршенбек Камбаров.

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Шаршенбек Камбаров 60 жашында узакка созулган оорудан каза тапты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Шаршенбек Камбаров 1958-жылы 17-июнда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында төрөлгөн. Ал 1982-1993-жылдарда Жалал-Абад шаарынын элдик сотунда сот аткаруучу болуп иштеген. 1993-жылы Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгында сот тармагынын ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүн жетектеген.

Андан кийин Ала-Бука райондук сотунун төрагасы, Жалал-Абад облусттук сот департаментинин башчысы кызматтарын аркалаган.  1999-жылдан тартып Баткен облусунун Кадамжай райондук, Талас облустук, Жалал-Абаддын Ноокен райондук сотунда судья болуп эмгектенген.  2015-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы кызматын аркалап келген. Маркум эмгек жолунда бир нече сыйлыктарды алган. 

XS
SM
MD
LG