Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Кыргызстанда 600гө жакын бала бакча жетишпейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан боюнча 600гө жакын бала бакча жетишпейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 3-августта өкмөттө жалпы билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылына даярдыгы талкууланган кезде билдирди. Анын айтымында, мурда бала бакча болгон 73 имаратты азыр мамлекеттик органдар - прокуратура, райондук, шаардык соттор, социалдык фонд мекемелери кеңсе катары пайдаланат. Мунун айынан 7300 бала бакчага барбайт.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, акыркы жылдары ар кайсы мекемелерге берилип кеткен 209 бала бакчанын имараты кайтарылган. Учурда алар өз багыты боюнча иштеп жатат.

Статистикалык маалыматтар боюнча, 1991-жылы Кыргызстанда 1600дөн ашуун бала бакча иштеп турган. Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы менчиктештирүү жараянынын башталышы менен бала бакчалардын басымдуу бөлүгү сатылып кеткен. Төрт жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаттары бул боюнча атайын текшерүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында 197 бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип, 271 бала бакчанын имараты максатсыз пайдаланылып жүргөнү маалым болгон. (NT/AT)

XS
SM
MD
LG