Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:15

Украиналык активист орус түрмөсүнөн бошотулду


Украиналык активист Александр Костенко.
Украиналык активист Александр Костенко.

Төрт жылдан ашык орус абагында отурган украиналык активист Александр Костенко бүгүн, 3-августта эркиндикке чыкты. Ал "2014-жылы Киевдеги демонстрациялар маалында коопсуздук күчтөрүнө кол салган" деген айып менен 2015-жылы Орусия аннексиялаган Крымда соттолгон болчу. Анын Кирово-Чепецк шаарындагы колониядан чыккандан кийинки сүрөттөрүн "РосУзник" укук коргоо тобунун координатору Яна Гончарова "Фейсбукка" жарыялады.

Костенко жана анын тарапкерлери Орусиянын украиналык активистти соттогонго укугу болбогонун айтып келишет. Орус бийлиги Костенконун кол салуусунун жабыркаган бир полиция кызматкери орус жарандыгын алганын, бул жагдай активистти жоопко тартууга негиз болорун билдирген.

Москва 2014-жылы ошол убактагы украин президенти Виктор Януковичтин өлкөдөн качып кетишине алып келген "Евромайдан" окуяларында жабыркаган полиция кызматкерлеринин көбүнө жарандык берген.

Орусия "Евромайдан" окуяларынан көп өтпөй, 2014-жылдын март айында крымдыктар референдум өткөргөнүн жүйө кылып, жарым аралды аннексиялап алган. Москванын бул кадамын Бириккен Улуттар Уюмуна кирген 100дөй мамлекет сынга алып, АКШ жана Евробиримдик Орусияга санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG