Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

"Электр станциялары": Токтогул ГЭСинде трансформатор бузулган эмес


Трансформаторду ГЭСке жеткирүү учуру. Ноябрь, 2017-жыл.
Трансформаторду ГЭСке жеткирүү учуру. Ноябрь, 2017-жыл.

"Электр станциялар" ачык акционердик коому "Токтогул ГЭСиндеги трансформатор бузулган" деген маалыматтарды четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, “Энергетика секторун калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында 2015-жылы өткөрүлгөн тендер менен алынган трансформаторлор эл аралык стандарттарга дал келет.

Ага дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн компаниялар катышып, "JOC Technical Engineering Co Ltd" (КЭР) компаниясы "жеңүүчү" деп табылган. Натыйжада былтыр ГЭСте 500 киловольттук эки трансформатор алмаштырылган. "Электр станциялары" ишканасы ал трансформаторлор бир жылдын ичинде жакшы иштегенин, алардын жарылып кетүү коркунучу жоктугун билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл июлда орнотулган үчүнчү трансформатор тестирлөө режиминде иштеп жатат жана ал пайдаланууга кабыл алына элек.

Буга чейин коомдо Токтогул ГЭСинде былтыр жаңы алмаштырылган трансформатор бузулуп, жарылганы тууралуу маалымат тараган.

Станцияда трансформаторлор былтыр ноябрдан тартып алмаштырыла баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG