Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

АКШ Москвадагы элчиликте тыңчы аял иштеп жүргөн деген маалыматты төгүндөдү


АКШнын Москвадагы элчилигинин кире бериши.
АКШнын Москвадагы элчилигинин кире бериши.

АКШнын атайын кызматы АКШнын Москвадагы элчилигинде он жылдан ашуун орус тыңчы аял иштеп жүрөт деген маалыматты четке какты. Атайын кызмат элчиликтин кызматкеринин орусиялык атайын кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп жүргөнүн анын милдети болчу деп түшүндүрүп, муну бийлик менен мамиле түзүү катары сыпаттады. Орусиялык аялдын сыр камтыган маалыматка жолотулбаганы да айтылган.

3-августта АКШнын Москвадагы элчилигиндеги кызматкерлердин арасында он жылдан ашуун орусиялык чалгынчы аял жашыруун иштеп келгенин британиялык Guardian гезити атайын кызматтардагы булактарына таянуу менен жазып чыккан. Гезит дипломатиялык миссияда иштеген орусиялык кызматкердин аты-жөнүн жарыялаган эмес.

XS
SM
MD
LG