Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Иранда нааразылык акциялары төрт күндөн бери өтүп жатат


Ирандагы митингчилер
Ирандагы митингчилер

3-августта Ирандын бир нече шаарларындагы миңдеген митингчилер көчөгө чыгып, өлкөнүн оор экономикалык абалына тынчсыздануусун билдирди.

Ирандыктар кескин өсүп кеткен инфляцияга жана анын кесепети болгон экономикалык каатчылыкка нааразы болуп бир нече күндөн бери нааразылык акцияларын улантып жатышат. "Азаттыктын" Иран кызматына келип түшкөн видеолордо Ирандын лидери Аятолла Хаменейиге каршы "Хаменейиге өлүм" деп кыйкырып жаткан митинг катышуучуларынын үнүн угууга болот.

Учурда Ирандын борбор калаасы Тегерандын борборуна кошумча полиция күчтөрү тартылып жатканы маалым болду. Азырынча полиция кармалгандар жана жабыр тарткандар тууралуу маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG