Эл аралык коомчулуктун санкцияларын көзгө илбестен, Түндүк Корея өзөктүк ракеталарын сыноону улантууда. Мындай жыйынтыкты БУУнун адистери айтып чыкты.
3-августта БУУнун санкциялар боюнча комитети Түндүк Кореянын аскерий программасы тууралуу отчетун угуп чыкты. Анда Пхеньян "Коопсуздук Кеңешинин санкцияларын тоготпостон, мыйзамсыз ташылып келген мунайзаттын жана көмүрдүн көлөмүн көбөйтүүдө" деп жазылган. Андан сырткары санкцияларга карабастан Түндүк Корея 100 миллион долларга текстиль продукциясын экспорттогон. Аны Кытай, Индия, Мексика, Түркия жана Уругвай сатып алган.
Мындан мурун маалымат каражаттары Орусия 10 миң түндүк кореялыкты иш менен камсыз кылды деп жазып чыгышкан. Анда АКШ Орусиянын "Агросоюз" банкына каршы санкция киргизген. Вашингтон аталган банк Түндүк Кореянын бийлигине кызмат көрсөтүп, тыштан Кореяга каражат алып кирүүгө көмөктөшүп келген деп эсептейт.