Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Абылгазиев: Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт


Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Көл шаарындагы ооруканалардын биринде медицина кызматкерлери менен жолугушууда
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Көл шаарындагы ооруканалардын биринде медицина кызматкерлери менен жолугушууда

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-августта Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, Кара-Көл шаарындагы оорукананын кызматкерлери менен жолукту. Ал өмүр сакчыларынын маянасын жогорулатуу үчүн зарыл каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынганын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

- Учурда Саламаттык сактоо министрлиги өз структурасын оптимизациялоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошону менен бирге медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын маянасын жогорулатуу үчүн зарыл каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Эмгек акысын көтөрүү көрүнүктүү болору пландалууда.

Жумушчу сапардын алкагында Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Балта – Суусамыр тилкесиндеги оңдоо иштери менен да таанышты. (KR)

XS
SM
MD
LG