Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Кадамжай районунда Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо башталды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Майдан айылдык кеӊешине 68 талапкер катталган. Алардын ичинен 21 депутат шайланат. Добуш берүү үчүн беш шайлоо участкалары ачылды. Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 6 607 шайлоочу киргизилген.

Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, аталган айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2018-жылдын 5-августуна, жекшембиге дайындалган. (KR)

XS
SM
MD
LG