Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Абылгазиев: 1-октябрга чейин жылуулук мезгилине даярдыктар аяктоого тийиш


Бишкектеги Жылуулук электр борбору
Бишкектеги Жылуулук электр борбору

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергокомпанияларына 1-октябрга чейин жылуулук мезгилине даярдыктарды аяктоону тапшырды. Мындай тапшырманы ал Жалал-Абадга болгон иш сапары учурунда берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кымазты кабарлады.

- Кыска мөөнөттө бардык тендердик процедураларды өткөрүү зарыл. Айрым энергокомпаниялар белгиленген графиктен артта калып жатышат. Эгерде 1-октябрга чейин бул тапшырма аткарылбаса, энергокомпаниялардын жетекчилери жеке жоопкерчиликке тартылат, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал энергетиктер абоненттерине "акылдуу эсептегичтерди" орнотуп бере албай жатканын кошумчалап, энергетика тармагы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн локомотиви болууга потенциалы зор экенин айтты.

Кыргызстандын энергетика тармагындагы тартыштык 1,8 миллиард сом деп эсептелди. Энергетиктер бул акча табылмайынча тармактагы маселелерди чечүү кыйын деп эсептешет. 

Дүйнөлүк банк чыгарган эсепке ылайык Кыргызстандын энергетика системасын толугу менен калыбына келтириш үчүн 870 миллион доллар талап кылынат. Буга байланыштуу өлкөнүн негизги байлыгы болуп эсептелген тармакты тил-ооздон калган "майып киши" менен салыштыргандар чыккан эле. Эл аралык уюм "мындай тартыштыкты электр энергиясынын тарифин көтөрүү менен жапса болот" деп сунуш киргизген. (KR)

 

XS
SM
MD
LG