Бүгүн 5-августта Бишкектен Анталияга багыт алган "Авиа Траффик" компаниясына таандык А320 үлгүсүндөгү учак абага көтөрүлгөндөн бир нече мүнөттөн кийин эле кайра "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынын өкүлү Алия Курбанова "Азаттыкка" кабарлады.
- Учак абага көтөрүлгөн соң үч мүнөттөн кийин эртең мененки саат 7.46да учактын кыймылдаткычтарынын биринде мандем бар экендиги тууралуу сигнал келип түшкөн. Учактын командири учакты "Манас" аэропортуна кондуруу жөнүндө чечим кабыл алган. Учак саат 8.13тө келип конгон.
Азыркы учурда Жарандык авиация агенттиги окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Ал эми Бишкек-Анталия рейсин башка учак бүгүн кечки саат 9да аткарат. Учурда жүргүнчүлөргө ысык тамак берилди жана мейманканаларга жайгаштырылды. Алардын айрымдары өз үйлөрүнө барууну каалашкан. Учактын ичинде 111 жүргүнчү болгон. (KR)