Венесуэланын президенти Николас Мадурого жардыргыч зат байланган бир нече дрондор менен кол салуу болду. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымат агенттиги жазып чыкты.
Кол салуудан Венесуэланын Улуттук гвардиясынын жети жоокери жаракат алды. Президент жана башка саясатчылар жабыркаган жок.
Мадуро кол салууга коңшу Колумбиянын жетекчилигин күнөөлөдү, бирок расмий Богота (Колумбиянын борбору) кол салууга тиешеси жок экендигин билдирди.
Кол салуу Венесуэланын президенти Улуттук армиянын түптөлүшүнүн 81 жылдыгына арналган аскердик парад учурунда ишке ашырылган. Түз эфирден качып бараткан жоокерлерди көрүүгө болот. Николас Мадуро өлкөсүнүн экономикалык абалы тууралуу сүйлөп жатканда күтүүсүздөн асмандан жардыруунун катуу үнү чыккан. Видеодон чогулгандардын баары өйдөнү карап качууга даярданып калышканын көрүүгө болот.
Кол салууга жоопкерчиликти "Футболкачан улуттук кыймылдын жоокерлери" деп аталган топ алган. Уюшулган топтун мүчөлөрү социалдык түйүн аркылуу интернетке тараткан билдирүүсүндө өлкөнүн башкаруучуларынын аярлуулугун көрсөткүсү келгенин жазган. (KR)