Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

ИИМ ыктыярдуу түрдө курал-жарак тапшыргандарды сыйлоо демилгесин көтөрдү


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги эл арасында мыйзамсыз катылып жүргөн курал-жарактарды ыктыярдуу түрдө алып келгендерди акчалай сыйлоону сунуштады. Өкмөттүн токтомунун долбоору учурда коомдук талкууга коюлду. Токтомдун долбоору өкмөттүн расмий сайтына да жарыяланды.

Муну менен өкмөт жарандардын арасында мыйзамсыз катылган курал-жарактарды кайтарууну көздөп, мыйзамсыз курал сатууга бөгөт койгусу келет.

Токтомго ылайык гранатомет менен пулеметтор үчүн 16 миң сом, АК, АКМ, АКМС, АК-74, АКС-74, АКС-74у үлгүсүндөгү автоматтар үчүн 9600 сом, ал эми дүрмөтү сыйгалак мылтыктарга жана гранатага 3200 сом сыйлык каралган.

Тизменин толук версиясын өкмөттүн сайтынан тапса болот. (KR)

XS
SM
MD
LG