Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлерин сылык болууга чакырды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр милиционерлерден чоң майрамдарда жана иш-чараларда адамдар менен сыпайы сүйлөшүүнү талап кылууда.
Кыргызстан Эгемендик майрамын 31-августта белгилейт. 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болот. 3-сентябрда Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити өтөт.
Кыргызстанда жарандар милиция кызматкерлеринин орой мамилесине даттанган учурлар арбын. (SE)