Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

АКШ Ирандын бийлигин элдин укугун сыйлоого үндөдү


Ирандын Казерун шаарында нааразылык акциясына чыккандар (сүрө кайсы күнү тартылганы белгисиз).
Ирандын Казерун шаарында нааразылык акциясына чыккандар (сүрө кайсы күнү тартылганы белгисиз).

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кошмо Штаттар Ирандын бийлиги “куралсыз жарандарга каршы зомбулук” көрсөтүп жатканы тууралуу кабарлардан соң тынчсызданып жатканын билдирди. Беш-алты күндөн бери башкалаа Тегеранда жана башка бир катар шаарларда түмөндөгөн адамдар экономикалык каатчылыктан улам көчөгө чыгып жатышат.

5-августта Помпео "Твиттер" баракчасына “Куралсыз жарандарга каршы Иран режиминин зомбулук көрсөтүп жатканына биз терең тынчсызданып турабыз” деп жазды.

Мамлекеттик катчы “Кошмо Штаттар иран элинин режимдин коррупциялашканына жана кысымына каршы чыккан укугун колдойт. Биз Иран режимин адамдардын укугун сыйлоого үндөйбүз” деп кошумчалады.

​Ирандын бир катар шаарларында түмөндөгөн киши көчөгө чыгып, экономикалык жагдайга нааразылык билдирип жатат.

Ирандан так маалымат алууга мүмкүн эмес. Жергиликтүү медиа Караж шаарында демонстрациялар маалында кеминде бир киши өлгөнүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG