Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Иранда бийликке нааразылык күчөдү


Шираз шаарындагы нааразылыкка чыккандар, 2-август, 2018-жыл.
Шираз шаарындагы нааразылыкка чыккандар, 2-август, 2018-жыл.

Беш-алты күндөн бери Ирандын бир катар шаарларында түмөндөгөн адам көчөгө чыгып, бийликке каршы нааразылык акциялары өтүп жатат. Караж шаарында демонстрация маалында бир киши каза болгону кабарланды.

Социалдык медиага тарап жаткан видеолорго караганда баш калаа Тегерандан тышкары, Караж, Шираз, Мешхед, Исфахан, Кум шаарларында топтолгон калың элдин нааразылыгы уланып жатат.

Ушул тапта ирандыктар "7-августтан тартып Вашингтон кайрадан Тегеранга санкция киргизсе, акчанын куну качып, экономикалык абалы начарлайт" деп кыжырданып, жүрөкзаада болуп турган маалы.

Май айында АКШнын президенти Дональд Трамп 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн макулдашуудан чыгаарын билдирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна карапайым адамдар жиберген видеодо Тегеранда ондогон адам чогулуп, Ирандын Жогорку руханий лидеринин атын атап: “Хаменеиге өлүм!” деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Дагы бирөөлөрдүн: “Ирандыктар, талабыңарды кыйкыргыла!” деп атканы угулат. Тегерандын борборунда жана шаардын түндүк райондорунда полициянын катары калыңдап, көзөмөл күчөдү.

Дагы бир видеодо болсо полиция Караж шаарында нааразылык акциясына чыккандар менен кармашып жатканы тартылган. 4-августта “Фарс” маалымат агенттиги Тегерандан 50 чакырым жердеги Караж шаарында түнкү демонстрациялар маалында өтүп бараткан машинеден атылган октон бир киши өлгөнүн кабарлады. Агенттик 20дай кишини коопсуздук күчтөрү кармап кеткенин да билдирди.

Жума күнү Эштехардда 500дөй киши катышкан митингди полиция кууп таратты. Өкмөткө каршы ураан чакыргандар шииттердин мектебин көздөй таштарды, кыштарды ыргыткан. «Тасним» агенттиги мектептеги ондогон диниятчылар сыртка качып чыгууга үлгүрүшкөнүн кабарлады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин перс тилиндеги "Твиттер" баракчасына чыккан билдирүүдө “ирандыктар өз өлкөсүнүн жолун өздөрү аныктайт. АКШ узак убакыт бою эч кимге жетпеген Иран элинин үнүн колдойт” деп айтылат.

2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Иран кол койгон келишимге ылайык, Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна кийин ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Президент Дональд Трамп быйыл майда Вашингтон ал келишимден бир тараптуу чыкканын жарыялап, ага Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен макулдашуунун “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.

Мамлекеттик департамент буга чейин жарыялагандай, Кошмо Штаттардын Иранга киргизген санкцияларынын биринчи баскычы 7-августтан тартып калыбына келет. Бул санкциялар Ирандын автоунаа секторун, алтын жана башка баалуу металлдар менен соодасын жана өндүрүштүк технологиясын бутага алат.

Санкциялардын калган бөлүгү ноябрдан тартып күчкө кирет. Алар Ирандын энергетика секторун, мунайга байланышкан жана Борбордук банктын акча которуу жолдоруна каршы багытталган.

Вашингтондун санкциялары бир катар чет өлкөлүк фирмалардын Тегеран менен кызматташуусуна бөгөт коймокчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG