Бишкек-Анталия багытына учуп, бирок дарегине жетпей артка кайткан учак каттамдан алынды. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин чечимине ылайык, ал окуя иликтенип бүтмөйүнчө колдонулбайт. Бул тууралуу "Авиа Траффик" компаниясынын сапат боюнча менежери Станислав Неверов "Азаттыкка" билдирди:
- Экипаждын бардык мүчөлөрү суралат. Күбөлөр да суралат. Андан соң учакка эксперттик топ баа берет. Иликтөө комиссиясынын расмий тыянагы чыкмайынча, учак каттамга коюлбайт.
5-августта 111 жүргүнчү менен Түркиянын Анталия шаарына жөнөгөн А-320 үлгүсүндөгү учак "Манас" аэропортуна кайра конууга аргасыз болгон. Чартердик каттамдагы учак саат 7.46да абага көтөрүлгөн. Кыймылдаткычтардын биринде мүчүлүштүк чыгып, 27 мүнөттөн кийин аба майданына кайра конгону кабарланган.
Неверовдун айтымында, ошол күнү жүргүнчүлөр башка учакта жеткирилген, ар биринен жекече кечирим суралган, тамак-аш, мейманкана менен камсыздалган.
29-июлда да "Авиа Траффиктин" Ош-Анталия багытында бараткан учагы 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, техникалык себептен улам кайра конгон. Жарандык авиация агенттиги мунун чоо-жайын иликтеп, учактын бурамасы чыгып кеткенин, ал кадыресе көрүнүш экенин билдирген.
"Авиа Траффик" компаниясынын расмий сайтында эки окуя тууралуу тең маалымат же жүргүнчүлөрдөн кечирим сураган текст жарыяланган жок. Компания өкүлү "сайт катттамдар тууралуу кабар таратуу үчүн гана түзүлгөнүн, кечирим суроого же башка маалыматтарга ылайыкталбаганын" айтты.
Кыргызстандык авиакомпаниялар "эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 3 миллиондой адам ары-бери учат.
Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз. Эң көп учактар "Авиа Траффик" компаниясында. (SE)