Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Авиациядагы коопсуздук: аргасыз конгон учак


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ош-Анталия багытында баратып техникалык себептен улам Бишкекке конууга мажбур болгон учактын окуясы иликтенүүдө.

"Авиатрафик" компаниясына таандык учак 29-июлда 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, кайра конууга аргасыз болгон. Бул көрүнүш Кыргызстанда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна байланышкан тынчсызданууларды жандантты.

Компания мажбур конуунун чоо-жайы тууралуу беш күн бою эч кандай түшүндүрмө берген жок. Расмий сайтында да окуя тууралуу маалымат жарыяланган эмес.

“Азаттык” аталган ишкана менен байланышып, жетекчинин орун басары Георгий Еременкодон төмөнкүчө жооп алды:

- Бул авариялык конуу эмес. Техникалык себептен улам ушундай болду. Эч ким жабыркаган жок. Жүргүнчүлөр башка учак менен Анталияга жеткирилди. Берки учак оңдолду, азыр иштеп жатат. Мажбур конуу тууралуу иликтөө уланууда.

"Манас" аба бекети.
"Манас" аба бекети.

Иликтөөнү Жарандык авиация агенттигинин адистери жүргүзүп жатат. Аталган мекеменин башчысынын орун басары Бакыт Жунушалиев бул жагдайды кадыресе көрүнүш катары баалады:

- Бурама чыгып кетип, учак “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Кагаздар даярдалып, акт түзүлүп жатат. Мажбур конуунун себеби белгилүү. Өтө кооптуу абал болгон эмес.

Авиация тармагында бир канча жылдан бери иштеген адис Таалайбек Окенов муну компаниянын жүргүнчүлөргө карата кайдыгерлиги катары баалап, сынга алды:

- Дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрсөк, алдыңкы авиакомпаниялар деле ушундай кырдаалга туш келсе, жетекчилиги элге кайрылып, кечирим сурайт. Себептерин айтып берет. Өзүн урматтаган компаниялар ушундай кылат. Кыргызстандагы авиакомпаниялар андай кадамга барбайт. Коомчулук деле унчукпайт. Авиациядагы адистердин арасында эле талкууланып, ошо менен бүтүп калат.

Быйыл 1-мартта да "Тез жет" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учакта 96 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган эмес.

Учактын кыймылдаткычын лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү үчүн АКШга жиберишкен. Жарандык авиация агенттигинин адистери беш айдан бери текшерүү бүтпөй жатканын билдиришти.

Эксперт Окенов Кыргызстандагы учуу коопсуздугунун начардыгына өкмөттү күнөөлөдү:

- Анткени, учуу коопсуздугун өкмөт көзөмөлдөшү керек. Транспорт министрлигинде деле авиация тармагын мыкты билген адистер дээрлик жок. “Авиатрафиктин” учагынын мажбур конушу, “Тез жеттин” учагынын кыймылдаткычынын күйүп кетиши жөн жерден чыккан жок. Көйгөй бар. Техникалык көзөмөлдөө жагынан болуп жатабы же башка себеби барбы, мамлекет көңүл бурушу керек эле.Терең анализ жок, ага көңүл бурулбай жатат.

"Манас" аба бекети.
"Манас" аба бекети.

Кыргызстандык авиакомпаниялар "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.

Коопсуздук коркунучуна карабай, жүргүнчүлөр арасында кыргыз авиация тармагында электрондук тейлөө, эл аралык учууларды көбөйтүү аракети жана аэропортторду оңдоп-түзөөдөгү кадамдар жакшы көрсөткүч катары бааланат. Бирок учуулар өз убагында аткарылбай, кечиккен учурлар тууралуу социалдык тармактарда байма-бай нааразылыктар айтылат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз. Төрт компания - "Авиатрафик", "Эйр Манас", "Тез жет" жана "Эйр Кыргызстан" эл ташыйт. Алар “Эйрбас”, “Боинг”, “Аврожет” учактарын колдонушат. Мамлекеттик “Air KG” компаниясы ТУ-154 учагы менен президентке кызмат кылат. “Sky KG” компаниясы туристтик жана экскурсиялык каттамдар үчүн учурган эки чакан учагы бар.

Жүргүнчү тейлеген учактардын эң жаңысы 2008-жылы өндүрүштөн чыккан, ал "Тез жет" компаниясында. Эң эскиси 1991-жылы жасалган, аны “Авиатрафик” колдонот. Эреже боюнча чыкканына 25 жылдан ашкан учак каттамдан алынышы керек.

Кыргызстандын 167 беренеден турган Аба кодексинде эл аралык нормаларга ылайык бардык эрежелер жазылган. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 3 миллиондой адам ары-бери учат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG