Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

"Эйр Кыргызстандын" тагдыры талашта


Иллюстрация
Иллюстрация

"Эйр Кыргызстан" улуттук авиакомпаниясын сатып алууга чет элдик инвесторлор кызыкдар болууда.

Авиакомпаниянын жетекчилиги билдиргендей, Кыргызстан акциялардын 49 пайызын сатыкка чыгарган, чет элдиктер анын 51 пайыздан ашыгын алууну көздөп жатат. Мүлк фондуна азырынча инвесторлордон расмий арыз түшө элек.

Ал эми Жарандык авиация агенттиги компания сатылса, Кыргызстандын "Аба кодекси" бузула турганын айтууда.

51 пайыз акция же мыйзам

"Эйр Кыргызстан" компаниясынын директору Жолдошбек Бектургановдун айтымында, мамлекеттик жалгыз авиакомпанияны сатып алууга германиялык, индиялык жана болгариялык инвесторлор кызыкдар. Компаниянын 49 пайыз акциясын сатуу аракети жети жыл мурда башталганы менен ушу кезге чейин натыйжа чыга элек. Эл аралык ишкерлер авикомпаниянын акцияларынын кеминде 51 пайызын алууну сунуштаган:

Жолдошбек Бектурганов
Жолдошбек Бектурганов

- Баары эле акциялардын 51 пайызынан жогорусун алабыз деп жатышат. Биз беш жыл ичинде беш учак алып берсин, жаңы технологияларды киргизсин, жаңы каттамдарды ачсын деп сунуштап жатабыз. Ошого ким көнсө, компанияны бериш керек. Бизде атаандаштар көбөйүп кетти. Мурда бир эле өкмөттүк компания болчу. Азыр менчик компаниялар өтө көп. Паритеттик түрдө Орусиядан да учуп жатышат. Дубай, Түркиядан компаниялар кошулду. Атаандаштык күч, анын үстүнө мамлекеттик компанияга колдоо болбосо, ал менчикке берилиши керек деген маселени башынан эле көтөрүп келебиз.

Жолдошбек Бектурганов кошумчалагандай, Экономика министрлиги өкмөткө сатыла турган акцияларды 51 пайызга көтөрүү боюнча сунуш даярдоодо.

Бирок "Эйр Кыргызстан" менен Экономика министрлигинин бул аракетине Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги макул эмес. Мекеменин өкүлү Алымбай Абакиров буга "Кыргызстандын Аба кодекси бузулат" деп жүйө келтирди:

- Компания - коммерциялык структура. Алар акциялардын жүз пайызын сата алат. Бирок анда ал Кыргызстандын компаниясы болбой калат. Биз аларга документ бере албайбыз. "Эйр Кыргызстан" компаниясы кыйналып жатат. Чет элдиктер бул жерде иштеп, бирок көзөмөл пакетке да ээлик кылууну каалап жатышат. Башка компанияларда 51 пайызга ээлик кылууга уруксат бергенге болот. Бирок "Аба кодексине" ылайык, чет элдик авиакомпаниялар акциялардын 49 пайызына гана ээ болушу керек. Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) тиешелүү талабы бар, анда ар бир өлкөнүн компаниясынын коомдук көзөмөл пакети мамлекетте болушу керектиги жазылган. Булар болсо 51 пайыз акцияны сурап атат. Биз акциялардын 51 пайызын сатып жиберсеңер, анда силерди тейлей албайбыз, документ да бере албайбыз деп жатабыз.

"Авиаторлор өкмөткө бут тосууда"

Жарандык авиация агенттигинин бул көз карашын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов четке какты. Ал жергиликтүү авиаторлор бул тармакты өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерге тоскоол болуп жатканын белгиледи:

Эсенкул Момункулов
Эсенкул Момункулов

- Кызыкдарлар көп эле. Биз ансыз деле банкрот болгон компанияны эл аралык стратегиялык инвестор алышы керек деген позициядабыз. Мурда эки учагы болсо азыр бирөө эле калды. Эл аралык авиация уюмунун талабын сөзсүз караш керек. Башка дүйнөлүк тажрыйбада ушул күнгө чейин сатылып эле келген. Мисалы, "Астана эйр" сатыкка чыгып, Казакстанда да бул тажрыйба колдонулган. Биз дагы ошол эле шарт менен берсек болот. Биз маселени комплекстүү карап жатабыз. "Ачык асман" долбоорун киргизишибиз керек десек, авиаторлор ага каршы чыкты. Компанияны сатууга да макул эмес. Аэропортту эл аралык операцияга берүүгө да каршы. Анткени, иштин баары ачык-айкын болуп калат. Балким көбү ошону каалабайт. Биз чынында эл аралык тажрыйбаны карап, сунуштап жатабыз. Кыргызстандын башка тандоосу жок. Чек араны жаап койгондо кандай абалга кептелдик? Товарларды жөнөтүү кымбатка түшүп, билет баасы да асмандап кетти. Бизде түз рейстер жок. Казактар, өзбектер Америкага түз учат. Өзбекстан төрт аэропортун эл аралык операцияларга бергенге даяр. Бул - атаандаштык. Эгер аны колдон чыгарсак, атаандаштыкка туруштук бере албай калабыз.

Азыркы тапта “Эйр Кыргызстанда” бир гана учак бар. Анын да кыймылдаткычы оңдолуп жатканына байланыштуу каттамдар белгисиз мөөнөткө токтотулганы кабарланган. Каржылык оор абалдан улам компания кызматкерлерине айлык бере албай, бир тобун кыскарткан.

"Баарына коррупция күнөөлүү"

Авиация тармагы боюнча эксперт Бегалы Наргозуев мамлекеттик авиакомпаниянын бул абалга кабылышын башкаруудагы мүчүлүштүктөр жана коррупция менен байланыштырды. Авиакомпанияны азыркы абалы менен чет элдик инвесторлор сатып алышынан күмөн санады:

Борбор Азияда жалгыз "Эйр Кыргызстан" банкрот болду. Жети жылдан бери авиакомпания эки ача сөз айтып келди. Бирде киреше менен чыктык десе, бирде банкрот болдук дейт. Ар түрдүү маалыматтарды өздөрү таратып, компаниянын кунарын качырышты.
Бегалы Наргозуев

- Бир кезде авиакомпания бир аз ирдене баштаган. Банктан кредит алып, учак сатып алышып, анан экинчисин алып иштей баштаганда жетекчиликти алмаштырып салышты. Өз кишилерин коюшту. Ошентип телчигип келе жаткан компанияны талкалашты. Менимче, жетекчилик туура тандалганда компания бул абалга кабылмак эмес. Себеби, коңшу мамлекеттеги "Эйр Астана", бизден артта калган Тажикстандын компаниясы өнүгүүгө жетишти. Өзбекстан менен Казакстан, Тажикстан дүйнөнүн бир канча өлкөсүнө учуп жатат. Борбор Азияда жалгыз "Эйр Кыргызстан" банкрот болду. Жети жылдан бери авиакомпания эки ача сөз айтып келди. Бирде киреше менен чыктык десе, бирде банкрот болдук дейт. Ар түрдүү маалыматтарды өздөрү таратып, компаниянын кунарын качырышты. Же учагы жок, же кирешелүү багыты жок. Авиацияда жүргүнчү ташуу рыногунда Бишкек-Москва, Бишкек-Үрүмчү, Бишкек-Дубай деген сыяктуу кирешелүү багыттар болот. Ошолордун баарын жеке менчик авиакомпанияларга алдырып коюшкан. Менчик компаниялардын артында ушул эле авиация тармагынын жетекчилери турат. Бул өтө чиеленишкен маселе. Авиакомпанияны сатып алгандар анын атын гана сатып алат, кайсы бир багыттарды кошо алышы мүмкүн. Андыктан чет элдиктер ага кызыкпайт. Алса бирөө сатып алгандай көрүнүп, жергиликтүү чиновниктердин бири эле алышы ыктымал.

Мамлекеттик мүлк фонду берген маалыматка ылайык, көз карандысыз баалоо компаниясы "Эйр Кыргызстандын" сатыкка коюлган 49 пайыз акциясын 188,8 миллион сом деп баалаган. 2016-жылдын 6-сентябрында арыз түшпөгөндөн улам инвестициялык сынак өтпөдү деп табылган.

Учурда авиакомпаниянын акцияларын 2018-2020-жылдарда менчиктештириле турган мүлктөрдүн программасына киргизүү иштери жүрүүдө. Ушу тушта акцияларды сатып алуу боюнча потенциалдуу инвесторлордон расмий арыз түшкөн эмес.

Айта кетчү жагдай, кыргыз өкмөтү ушу тапта “Ачык асман” долбоорун жүзөгө ашырууга умтулууда. Жергиликтүү авиакомпаниялар аталган долбоор ишке кирсе "банкрот болобуз" деген кооптонууларын айтып келет. Кыргызстандык авиакомпаниялар Евробиримдиктин “кара тизмесинен” да 2006-жылдан бери чыкпай турат. Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллион киши сапарга аттанат.

Анын жарым миллионго жакыны өлкөнүн ичинде учат. Жүргүнчүлөрдүн 60-65 пайызын чет элдик, 35-40 пайызын ата мекендик компаниялар ташыйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG