Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Казакстанда түрмө кызматкерлери кыйноо көрсөткөнү үчүн жазаланды


Караганды облусунун Шахтинск шаардык сотунун имараты, 4-июль, 2017-жыл.
Караганды облусунун Шахтинск шаардык сотунун имараты, 4-июль, 2017-жыл.

Караганды облусунун Шахтинск шаардык соту АК – 159/6 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин жардамчысы Баурбек Шотаев менен АК-159/7 колониясынын офицери Виталий Зарецкийге "жаза өтөп жаткан адамга психологиялык кысым көрсөтүп, аны өлүмгө жеткирген" деген айып тагып, жети жылга эркинен ажыратты.

Тергөөнүн материалдарына караганда, былтыр 11-мартта Зарецкий соттолуучу Валерий Чупин тартипти бузганы үчүн аны “тарбиялоону” тапшырган. Абактагы жети соттолуучу Чупинди сабап, кыйнап, токко тарттырган. Ал оор жараат алып, ооруканага жеткирилген. Кийинки күнү дарыгерлер соттолуучу “алган жараатынан жана организминин ууланышынан” улам каза тапканын билдиришкен.

Чупинди кыйнаган беш соттолуучунун ар бири сегиз жылдан кесилди. Отряддын жетекчиси Тимур Кирбаев 10 жылга эркинен ажыратылды.

Сот ошондой эле аймактык полиция бөлүмдөрүнө, жаза өтөө мекемелерине жана прокуратурага кылмыш иши тууралуу кабардар болуп, “буга окшогон кылмыштын жана соттолуучуларга зордук-зомбулук көрсөтүүнүнүн алдын алуу” жөнүндө токтом чыгарды.

Кийинки жылдары коңшу өлкөнүн абактарында шарттын оордугуна нааразычы болгон түрмөдөгүлөр коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн өздөрүнө кол салышканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG