Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Сапар Исаков опузалоо боюнча Башкы прокуратурага кайрылды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков опузалоого кабылганын айтып, аны иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды.

Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Исаковдун арызы Башкы көзөмөл органына 6-августта жиберилди:

- Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери опузалаган фактыны текшерүүнү суранды. Мындан бир нече жума мурун "жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тарт, болбосо дагы бир кылмыш ишин козгойбуз" деп УКМКнын Илим аттуу кызматкери Исаковду коркуткан. Бул факт тууралуу ал ошондо эле адвокат аркылуу коомчулукка кабарлаган. Эң кызыгы, бул иштин баары адвокаттын катышуусу жок болуп жатат. Мыйзам боюнча адвокатсыз эч кандай тергөө иштери жүрбөш керек эле. Исаков ушул фактыны текшерип берүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылды.

Буга чейин абактагы мурдагы премьердин адвокаты Нурбек Токтакунов "аны УКМКнын кызматкери опузалап жатат" деп жарыялаган.

УКМК "Нурбек Токтакуновдун айткандары чындыкка коошпойт" деп билдирген.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып, быйыл 5-июнда камакка алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG