Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Иракта немис жараны өмүр бою кесилди


Багдаддын Борбордук сотунда иши каралып жаткан орусиялык аялдар, 29-апрель, 2018-жыл.
Багдаддын Борбордук сотунда иши каралып жаткан орусиялык аялдар, 29-апрель, 2018-жыл.

Багдаддын Кылмыш соту Германиянын Надия К. аттуу жаранын «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна мүчө болгону үчүн өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Deutsche Welle" агенттиги кабалады. Айыпталуучу cот чечимин арызданса болот.

Надиянын энеси, теги марокколук немис атуулу январда өлүм жазасына тартылган. Ирак соту аны «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында жүрүп кылмыш жасаган деп тапкан. Кийинчерээк сот анын жазасын өмүр бою абакка кесүү менен алмаштырган.

Немистерддин маалымат агенттиги кабарлагандай, 2014-жылы энеси менен кызы Түркия аркылуу Сириянын жихадчылар көзөмөлдөгөн аймагына киришкен. Андан ары алар Мосулга жетишкен. Шаарды бошотуу операциясынан кийин аларды ирак аскерлери кармашкан.

2017-жылдын этегинде ирак өкмөтү үч жыл бою өлкөнүн жарымынан көбүн басып алган "Ислам мамлекети» тобунун жоочулары талкаланганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG