Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Таластагы жайлоодо он күн мурда тутанган өрт токтой элек


Өрт тутанган жайлоо.
Өрт тутанган жайлоо.

Таластагы Алмалуу жайлоосунда өрт болжол менен 300 гектар жерди каптады. Манас районуна караштуу Жайыл айыл аймагындагы жайлоону 28-июлда өрт чалган. Бул тууралуу акимчилик кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакка 1-августтан тартып чукул кырдаал режими киргизилгенин билдирген.

Жалынды өчүрүүгө облустун бир канча районунун өрткө каршы кызматтары катышууда. Ошондой эле, милициянын, токой чарбасынын, техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар кошулуп, жалпысынан 350 киши өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат.

Тилсиз жоонун себеби анык эмес. (AlS)

XS
SM
MD
LG