Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Башкы прокуратура Сапар Исаковдон кайрылуу түшкөнүн ырастады


Сапар Исаков "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде. 18-май, 2018-жыл.
Сапар Исаков "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинде. 18-май, 2018-жыл.

Башкы прокуратура Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковдун кайрылуусун жалпы тартиптеги эрежелерге ылайык карап чыгат. Мекеменин басма сөз кызматы Исаков аларга кайрылганын "Азаттык" тастыктады.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 6-августта маалымдагандай, Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери опузалаган фактыны текшерүүнү суранган. Ал тергөөчүлөр жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тартууну сунуш кылып, "болбосо дагы бир кылмыш ишин козгойбуз" деп коркутканын айткан.

Ушундай эле маалыматты мурдараак адвокат Нурбек Токтакунов да жарыялаган. УКМК муну "чындыкка коошпойт" деген.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып, быйыл 5-июнда камакка алынган.

Ал КСДПнын төрагасынын орун басары. (SE)

XS
SM
MD
LG