Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 04:04

Өмүрбек Текебаевге коюлган диагноз расмий жарыяланды


Өмүрбек Текебаев сот залында. 2017-жыл, август.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгына байланыштуу дарыгерлер койгон диагноз расмий жарыяланды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" билдиргендей, саясатчы күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, карынча үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркайт.

Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган. Бейтапканадан качан чыгары азырынча белгисиз.

Камактагы эрежелерге ылайык, Текебаевге туугандары менен жолугушууга уруксат берилген жок. Ал сакчылардын кайтаруусунда дарыланууда.

"Мегаком" чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында кармалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган Текебаев муну мурдагы бийликтин куугунтугу катары баалап келүүдө. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG