Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Трамп Иран менен иш жүргүзгөндөргө эскертүү берди


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын Иранга кайра салган санкцияларынын биринчи бөлүгү бүгүн күчүнө кирди. Президент Дональд Трамп 2015-жылы түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимдин алкагында токтотулган санкцияларды кайра киргизүү тууралуу чечимин бүгүн да коргоп чыкты.

"Иран менен иш жүргүзгөндөр АКШ менен иш алып барышпайт. Мен дүйнөдө тынчтык болушун гана талап кылып жатам. Башка эч нерсе жок", - деп жазды Трамп 7-августтун таңында "Твиттердеги" барагына.

Кайра киргизилген санкцияларга ылайык, ирандыктар АКШ доллары менен финансылык транзакцияларды жүргүзө алышпайт. Тегерандын коммерциялык учактарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелет. Ошондой эле санкциялар Ирандын автоунаа жана металл өндүрүшүн, килем соодасын бутага алат.

Вашингтон санкциялардын экинчи бөлүгүн ноябрь айында жарыялаганы жатат. Ал санкциялар Ирандын мунай тармагын жана банк системасын бутага алмакчы.

Ирандын президенти Хасан Роуханы АКШнын бул чечимин айыптап, расмий Тегеран америкалык санкцияларга карабастан үч жыл мурдагы өзөктүк келишимдин талаптарын аткарууну уланта берерин айтты.

АКШ Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кеткен. Ал келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, эл аралык коомчулук бул өлкөгө киргизген санкцияларын жеңилдетмей болгон.

XS
SM
MD
LG