Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Кыргыз-казак президенттери алдыдагы саммитти талкуулады


Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Астана шаарындагы жолугушуу учурунда. 25-декабрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Астана шаарындагы жолугушуу учурунда. 25-декабрь, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев 7-августта телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, эки мамлекеттин башчылары быйыл күздө Кыргызстанда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин алтынчы саммитин да талкуулашты.

Казак президентинин басма сөз кызматы сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен болгонун кабарлады.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кезектеги саммити 3-сентябрда Чолпон-Атада болот. Ага бул биримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары катышмакчы.

Саммит Кыргызстанда 2015-жылы өткөрүлүүгө тийиш болчу. Бирок анын мөөнөтү улам артка жылып келген. Расмий Бишкек мунун себебин так түшүндүргөн эмес.

Коомчулукта муну Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамиленин сууп кетиши менен байланыштыргандар болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG