Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

"Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор" компаниясы ачылды


Аида Салянова Жогорку сотто. 22-май, 2018-жыл.
Аида Салянова Жогорку сотто. 22-май, 2018-жыл.

Кыргызстанда "Аида Салянова менен инновациялык долбоорлор" деп аталган жаңы компания ачылды. Аны Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянова жетектейт.

Салянова "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу командага кесипкөй юристтер, эксперттер, коомдук өнүгүү багытында иштеген адистер чогулганын билдирди. Анын айтымында, компания быйыл 1-сентябрдан тартып калктын аз камсыз болгон катмарын колдоо иретинде акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду баштайт. Ал үч айга созулат. Андан ары бул иш туруктуу уланып кетиши үчүн бардык аракет көрүлөт:

- Адатта биз инновация - бул жаңы технология деп ойлойбуз. Бирок инновация жаңыча ой жүгүртүү дегенди да түшүндүрөт. Жаңы ой жүгүртүү гана биздин жашообузду өзгөртөт. Аң-сезим өзгөрбөй туруп, коомдо жана экономикада өзгөрүүлөргө жетишүү мүмкүнбү? Укуктук билим берүү, жаштарды укуктук негиздеги мекенчилдикке тарбиялоо иштери компаниянын башкы максаты. Сот реформасын жүргүзүү, калыс башкаруу, жарандардын эркиндиги менен укуктарын коргоо идеяларын жайылтууда бул өтө маанилүү. Мыйзамдар сапаттуу болушу керек. Биз ар бир мыйзамдын натыйжалуулугу талданышы керек деп эсептейбиз. Биз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жогорку деңгээлде болушун каалайбыз. Биздин адистер силерди мамлекеттик кызматтарга кирүү үчүн сынактарга даярдайт. Ошону менен кызматка дайындоодо жек-жааттык, тууганчылыкка каршы күрөшкө өз салымыбызды кошобуз.

Аида Салянованын депутаттык мандаты быйыл 3-мартта алынган. Ал "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген негизде, Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

22-майда Жогорку сот мурдагы инстанцияларынын өкүмүн күчүндө калтырган. Салянова өзүнө "саясий буюртма" менен кылмыш иши козголгонун айтып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG