Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Навальный элди пенсия реформасына каршы жүрүшкө чакырды


Пенсия реформасына каршы митинг, Москва, 29-июль 2018-жыл.
Пенсия реформасына каршы митинг, Москва, 29-июль 2018-жыл.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный элди өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү планына каршы жүрүшкө чыгууга чакырды.

Ал 7-августта "YouTube" порталына жарыялаган видео кайрылуусунда пенсия реформасын колдобогон адамдарды Орусияда жергиликтүү шайлоо өтө турган күнү - 9-сентябрда көчөгө чыгууга үндөдү.

Июль айында Орусиянын Москва баш болгон бир катар шаарларында өкмөттүн жаңы планына каршы он миңдеген адамдар катышкан митингдер өткөн. Change.org сайтындагы петицияга 2,9 миллион адам кол койду.

Орус өкмөтү июнь айында жарыялаган планга ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Бул реформа боюнча, 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек. Учурда Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Өкмөттүн сунушун Мамлекеттик дума 19-июлда биринчи окууда колдоп берген.

Президент Владимир Путин "бул маселе аркылуу өзүн жарнамалагандар" бар экенин айтып, азырынча акыркы чечим кабыл алына элек экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG