Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Чынара Усупбаева "Азаттыка" мэр шайлоо саат 9да башталаарын билдирди. Шайлоо жалгыз талапкер Азиз Суракматовдун катышуусунда, атаандашсыз өткөнү жатат.
Депутаттар жабык добуш берип, талапкер алардын көпчүлүгүнүн добушун алса мэр болуп шайланмакчы.
Бул кызмат орун үчүн документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктаган. Шаардык кеңештеги КСДП фракциясы башында турган көпчүлүк коалиция көрсөткөн талапкер Азиз Суракматов гана арыз берген. “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген.
Ошол күнү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. (NT)