Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:18

Суракматов мэрликке жалгыз аттанды


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Шаардык кеңештеги оппозициялык азчылык да, премьер-министр да талапкер көрсөткөн жок.

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Азиз Суракматов 31-июлда кыргыз тилинен экзамен тапшырды жана анда программасы тууралуу учкай айтып берди. Ал "Елизавета" курулуш компаниясына тиешеси бар экенин моюнга алды. Бир катар жарандык активисттер мэрликке жалгыз талапкер көрсөтүлгөнүн сындап жатышат.

Анткени жакында Ош шаарынын мэринин кызматына Таалайбек Сарыбашев да атаандашсыз шайланган жайы бар. Мындан тышкары, болочок мэр өз бизнесин кеңейтүүгө аракет кылат деп кооптонгондор да табылат.

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов негизги проблемалар катары жол, коомдук танспорт, жарыктандыруу өңдүү маселелерди атап өттү. Ал мэрияда коррупцияга каршы аёосуз күрөш болот деп убада берди:

- Шаарда 200 чакырым жаңы жол салууга, 400 чакырым эски жолду оңдогонго аракет кылыш керек. Советтер Союзунун убагындагыдай чоң автобустарды алып келиш керек. Ошол кезде миң чоң автобус, 400-500 троллейбус бар болчу. Шаарды көбүрөөк жашылдандырууга аракет кылышыбыз зарыл. 45 миң бак-дарак, 15 миңден ашык бадалдарды отургузуу керек. Шаардын чет жактарын жарыктандырышыбыз керек. Эски шамдарды диоддук шамдар менен алмаштыруу абзел. Муну менен биз электр энергиясын 75-80 пайызга үнөмдөй алабыз. Коррупцияга жол бербешибиз керек. Коррупция менен күрөш мэриянын биринчи милдети болот.

Азиз Суракматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "Елизавета" ири курулуш компаниясына тиешеси бар экенин ырастады. Ал бул компанияны курулуш тармагында бир топ жыл бою жетекчилик кызматтарда жүргөн атасы түптөгөнүн билдирди. Кызматы менен жакын туугандарынын бизнестеги кызыкчылыктарынын кагылышы тууралуу маселени шайлоо өткөндөн кийин ойлонорун айтты: ​

Биз азыр "кандай жагынан туура болот" деп, кызыкчылыктар кагылышы боюнча ойлонуп жатабыз. Сиздер түшүнүшүңүздөр керек, ал жакта жүздөн ашык адам иштейт.
Азиз Суракматов

- Мен бул компанияда 2015-жылга чейин иштеген эмесмин. 2015-жылдан баштап кеңешчи, инвестиция боюнча директор болгом. Ал жакта жетекчи, жүздөй адамдан турган жамаат бар. Азыр курулуш жүрүп жатат. Биз азыр "кандай жагынан туура болот" деп, кызыкчылыктар кагылышы боюнча ойлонуп жатабыз. Сиздер түшүнүшүңүздөр керек, ал жакта жүздөн ашык адам иштейт. Аларды "көчөгө баргыла" деп айтууга туура келет. Азыр "Елизавета" 270 батирлүү үй салып жатат. Анын 70и сатылган. Компания насыя алган, ал насыяны батирлерди сатып төлөп берет. Балким алар бул үйдү куруп бүткөндөн кийин, жаңы үйдү курууну баштабаса керек. Компаниянын жамаатын, иш билги адистерди мындан ары эмне кылыш керектигин ойлонушубуз зарыл.

Бишкек шаардык кеңешиндеги оппозициялык азчылыкты түзгөн "Республика - Ата Журт" фракциясы депутаттардын биримдигин, туруктуулукту эске алуу менен өз алдынча талапкер көрсөтүүдөн баш тартты. Премьер-министр жана анын аппараты эмнеге талапкер көрсөтпөгөнү тууралуу комментарий берген жок.

Шаардык кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери Таалайбек Сагынбаев анын фракциялаштары ушул жуманын аягында мэрликке талапкер Азиз Суракматов менен жолугуп, план-программасын талкуулай турганын маалымдады:

- "Республика - Ата Журт" фракциясы менен премьер-министрдин талапкер көрсөткөнгө укугу бар да. Бирок алар бул укугунан пайдаланган жок. Эми 8-августта жабык добуш берүүдө баары белгилүү болот. Ушул бейшемби же жума күнү биздин фракция Суракматов менен жолугат. Шаарда көйгөйлүү маселелер абдан көп. Биздин фракциянын ой-пикири бар. Эң башкы маселе - шаардын бюджетин кошумча акча менен толтуруу зарыл. Акча жок болсо кандай план болсо деле ишке ашпай, жел боюнча калат.

Анткен менен мэрликке жалгыз талапкер көрсөтүлүшүнө нааразы болгондор да бар. Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикиринде, кийинки убакта борбор шаардын башчысын шайлоо кайсы бир топтордун кызыкчылыгына айланды:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

​- Буга чейин деле Бишкек шаарынын мэри кандайдыр бир топтордун, олигархтык күчтөрдүн кызматы болуп калган. Биз такай эле "шаар башчысын шаардын тургундары шайлашы керек же атаандаштык болушу керек" деп айтып келатабыз. Президент бул талапкерге деле макул эмес экенине ишенип турам. Бирок аймактык, олигархтык күчтөрдүн таасирин эске алуу менен ушундай мунасага барып жатат окшойт деген ойдомун. Бул адам шаардыктардын алдында жоопкерчилик албай эле, муну шайлаган, сүрөгөн адамдардын ишкерлик кызыкчылыктарын көздөгөн адам болуп жатат. Саясий кызмат, миллиондон ашуун адам жашаган шаардын жетекчисин шайлоо ачык болмоюнча ушундай ыплас иштер улана берет.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августта өтөт.

Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2015-жылы парламенттик шайлоого КСДПнын тизмеси менен катышкан жана 54-орунда болгон. Учурда анын кезеги дээрлик келип калган, эгер бул фракциянын кайсы бир депутаты мандатын тапшырса, анын ордуна Суракматов депутат болмок.

Азиз Суракматов: “Елизаветага” тиешем бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG