Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Көпчүлүк коалиция мэрликке Суракматовду сүрөдү


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция шаар башчылыгына Азиз Суракматовду бирдиктүү талапкер катары сунуш кылды. Ага альтернатива боло турган талапкерлер көрсөтүлөрү-көрсөтүлбөсү азырынча белгисиз.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Азиз Суракматов ага чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп, андан мурун шаардын архитектура тармагын жетектеп келген.

Жарандык активисттер анын курулуш компаниясына байланыштуу ызы-чуу чыккан учурлар болгонун эске салып, мындай адамдын шаар башчылыгына келиши бийликтин аброюна доо кетире турганын белгилешти.

Атаандашсыз тандалган талапкер

Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка бирдиктүү талапкер катары Азиз Суракматовду тандады. Мындай чечим КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракцияларынан турган көпчүлүк коалициянын жабык жыйынында кабыл алынды. Башкаруучу коалициядагы фракциялардын 33 депутатынан 26-июлдагы жыйынга 27 депутат катышып, Суракматовдун талапкерлиги бир добуштан колдоо тапты.

КСДП фракциясынын депутаты Эрнис Докенов көпчүлүк коалициянын атынан бирдиктүү талапкерге токтолуу боюнча чечими тууралуу мындай дейт:

Эрнис Докенов.
Эрнис Докенов.

- Көпчүлүк коалицияга кирген ар бир фракция өз алдынча талапкер чыгарбай, бир эле талапкер көрсөтүү тууралуу чечимге токтолдук. Эми мэрликке башка бир талапкерди шаардык кеңештеги азчылык коалициясы же болбосо оппозиция сунуш кылышы мүмкүн. Мындан сырткары, өкмөт башчы да өзүнүн талапкерин көрсөтөт деп күтүлүп жатат. Ошондо шаар башчылыгына үч талапкер атаандашат. Үчөөнүн арасынан бирөөнү биз - шаардык кеңештин депутаттары тандайбыз.

Шаардык кеңештин маалыматы боюнча башкаруучу коалиция Азиз Суракматовдун гана талапкерлигин талкуулап, анын шаарды өнүктүрүү программасы менен таанышкан.

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Эмнеге альтернативалуу талапкер көрсөтүлбөгөнү тууралуу суроо жоопсуз калды. Анткени демократиялык шайлоонун бирден-бир принциби анын атаандаштык шартта өтүшү менен байланыштуу.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жетекчиси Таалайбек Сариев бул талапкер эмнеси менен депутаттарды ынандырганына түшүндүрмө берди:

- Эми бул талапкерге альтернативалуу талапкер болобу же болбойбу, аны билбейт экенмин. Муну биздин шаардык кеңештин азчылык коалициясы чечет да. Талкуунун жүрүшүндө бирдиктүү талапкерге биз өзүбүздүн суроолорду берип, анын шаарды өнүктүрүү боюнча пландарын угуп, ошонун жыйынтыгы боюнча ага токтолдук. Бул адам мурда өзү шаарда иштеп, депутат, шаардык кеңешке төрага болгону жана шаар турмушунун маселелерин мыкты түшүнө турганы белгилүү.

"Балдардан жер талашкан болочок мэр"

Анткен менен парламенттин мурдагы депутаты, шаардык кеңештин мурдагы төрагасы, башкы архитектор кызматтарын аркалап жүрүп, шаардагы ири курулуш ишкердигине аралашкан Азиз Суракматов тууралуу пикирлер бир кылка эмес. Ал мезгилдүү басма сөздө шаардагы "Елизавета" деген курулуш компаниясынын көмүскө кожоюну, парламент депутаты Азамат Арапбаевдин ишкер-өнөктөшү катары сыпатталган.

Жарандык активист Айбек Мырза уулу 2012-жылы анын компаниясынын балдар аянтчасын тартып алууга байланышкан окуясын эске салды:

Айбек Мырза.
Айбек Мырза.

- Балдар ойной турган аянтчаны тартып алууга ниеттенген адам кантип шаарды оңдосун? Менимче бул адам мэрликке келсе, коррупция менен күрөшпөй эле аны кайра гүлдөтүшү мүмкүн. Мындан беш жыл мурун, 2012-жылы болсо керек, биз, жарандык активисттер, шаардагы мыйзамсыз ээленген жер тилкелери жана балдар аянтчаларын өзүнө каратып алган фактыларды иликтеп чыкканбыз. Ошондо Бишкектеги №7 кичирайондогу көп кабаттуу үйлөргө караштуу балдар ойногон аянтчаны Азиз Суракматовго караштуу компания талашып, бир топ чыр болгон. Биз буга байланыштуу нааразылык акциясын да өткөргөн болчубуз.

Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынынан кийин шаар мэрлигине талапкер Азиз Суракматовду издеп таап, байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал жыйын бүтөрү менен эле башка эшиктен сыртка чыгып кеткени белгилүү болду. "Азаттык" бул дооматтарга байланыштуу Азиз Суракматовдун жүйөлөрүнө орун берүүгө даяр.

Жогорку Кеңештин жанындагы мыйзамсыз курулуш

Мында сырткары прокуратура Жогорку Кеңештин имаратынын батыш тарабындагы кайтаруудагы жер тилкесине мыйзамсыз көп кабаттуу үй тургузган факты боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.

"Биздин укук" уюмунун жетекчиси Калича Умуралиева мыйзам боюнча Суракматовдун курулуш ишкердигине кожоюн экени анын мэрлик кызматка келишине тоскоол болоруна токтолду:

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- "Азиз Суракматовго караштуу болушу мүмкүн" деген "Елизавета" компаниясы "Россия" кинотеатрынын артындагы №1 кайтаруу тилкеси деп аталган жерге көп кабаттуу үй кура баштаган. Ошол мыйзамсыз курулушка анын тиешеси бар экени тууралуу буга чейин какшап эле келатабыз. Ал шаарга эми мэр болуп келсе, буга окшогон жер тилкелерине көп кабаттуу үй курууга уруксат берип, кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн. Анткени ал курулуш ишкердигиндеги адам. Ал буга түп орду менен байланган. Анан кантип ал бул тармактагы жакындарынын же өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгын колдобой койсун? Колдойт. Ошондуктан мен Азизге "эгерде мэрликке бара турган болсоң ошол мыйзамсыз курулушуңду токтот" деп айттым. Угабы же укпайбы, аны билбейм. Бирок ушул бойдон мэр боло турган болсо, ага мыйзам жол бербейт. Анткени бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы болуп жатат. "Мыйзамсыз курулуштун артында ким турат?" деп айтып келген элем. Бүгүн биз көрүп тургандай, анын артында Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов турат.

Бишкек шаарынын мэрлигине көпчүлүк коалиция көрсөткөн Азиз Суракматов 46 жашта. Аймактык шайлоо комиссиясы баш калаанын башчылыгына талапкерлерди катташ үчүн 26-июлдан тартып документтерди кабыл ала баштады.

Талапкерлерди көрсөтүү укугуна Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялар жана премьер-министр укуктуу. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка дайындалган. Мурдагы шаар мэри Албек Ибраимов коррупцияга шектелип, кармалып, камакка алынган болчу.

Мансаптуулардын жер “бизнеси”
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:31 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG