Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Албек Ибраимовго расмий айып коюлду


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

УКМК Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго айыбын угузду. Ал "баш калаадагы жер тилкелерин саткан" деп коррупцияга байланыштуу айыпталууда. Ибраимов өзүнө карата коюлган кинелерди негизсиз деп атаган. Талдоочулар баш калаанын деталдык планы ачык болбогондуктан коррупция күчөгөнүн айтып жатышат.

Албек Ибраимов алгач "Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып гана жаткан. Ошонун негизинде УКМК 19-июлда аны Чүйдүн Арашан айылындагы үйүнөн кармап кетип, тергөө абагына камакка алган.

Ал эми 21-июлда мекеменин Башкы тергөө башкармалыгы жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө ("Коррупция") каралган кылмыш белгилеринин негизинде айыбын расмий угузганын комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Тергөөдө белгиленгендей, Албек Ибраимов пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер участокторун Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схемасын уюштурган. Ошол эле учурда өзгөчө ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатышып, алар аркылуу башка жактарга сатышкан.

Бишкектин түштүк четинде жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткенин, ал жакта көп кабат үйлөр кайсы негизге курулуп жатканын быйыл Жогорку Кеңеште депутаттар Наталья Никитенко, Жанарбек Акаев, Акылбек Жамангулов айтып чыгышкан. Бул маселени “Азаттык” да көтөрүп, кабарчыбыз Уланбек Эгизбаев чоң иликтөө жүргүзгөн.

Борбордогу “майлуу” жерлер кимдики?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

6-июлда Албек Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча атайын кызматка камакка алынган.

Ибраимов күнөөсү жок экенин, мунун баары саясий куугунтук болуп жатканын "Фейсбук" аркылуу видеокайрылуу таратып билдирген.

Кеп болуп жаткан жер тилкелери буга чейин парк зонасы катары белгилүү болуп, эч кандай курулуш жүргүзүлчү эмес. Бирок азыр анын баарында көп кабаттуу үйлөр салынып жатканын көрүүгө болот.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков жер мыйзамдарынын бузулушуна шаардын деталдык планынын ачык эместиги себеп болууда деп эсептейт.

Анын айтымында, мыйзамсыз салынган үйлөрдү түрттүрүп салууга азыр да кеч эмес. “Деталдуу пландоо планы Бишкек мэриясынын сайтында дайыма ачык илинип турушу керек эле” дейт Кадырбеков.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Жок да! Мисалы, менин жанымда бирөө куруп жатса ал Башкы планга туура келеби же жокпу, ачык көрөт элем. Курууга уруксат жок экенин сиз билсеңиз, мен билсем, эртең эле бакырып чыгабыз да? Ошондуктан алар жаап жатышат. Ким курулушка уруксат берип, кол койсо, ошонун баарын жоопко тартыш керек. Кылмыш жообуна. Себеби башкы план – бул мыйзам. Мыйзамды бузгандарга “Кызмат абалынан аша чабуу” деген берене бар. Ал эми эгер көрбөй калса “Шалаакылык” деген берене. Эмне үчүн ушундай нерселер болуп жатат? Себеби жоопкерчилик жок. Алардан эч ким сурабайт. Мына, азыр “мыйзамсыз курулган жүздөгөн үйлөрдү сүрдүрүп жатабыз, себеби уруксатсыз болгон” деп мактанып айтып жатышпайбы. Окуп жатасыздар да? Бирок карапайым адамдардыкын түрттүрүп жатышпайбы. Ал эми жанагыдай курулуш жүргүзүп жаткандарга барса эле эң чоң жүйөсү – доллар экен. Бүттү, ошону менен маселенин баары чечилип калып жатпайбы. Мыйзамсыз курулгандын баарын кайра түрттүрүүгө мыйзамдын күчү бар. Башкы планды, деталдуу пландоону бузууга ким кол койсо, түрмөгө камаш керек. Ошондо токтойт.

Чынында эле Бишкек шаарынын расмий сайтынан мындай планды көрө албайсыз.

Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев план азыр талкууда экенин айтты. Анын сөзү боюнча, Мамлекеттик долбоорлоо институту коомдук талкуудан кийинки вариантын иштеп чыгат:

Алмаз Кененбаев.
Алмаз Кененбаев.

- Март-апрель айларына чейин мэриянын сайтында илинип турган. Коомдук талкуудан кийин сайттан алынды. Кошумча-алымча киргизгенден кийин мэрияга берет. Мэрия кабыл алып, бизге расмий түрдө киргизет.

Бишкектеги жер тилкелеринен тышкары Ибраимов "убагында “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирилген" деп да шек саналууда, бирок бул боюнча расмий айып коюлган эмес.

51 жаштагы Албек Ибраимов 1997-жылдан бери экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жакшы ымалада экени белгилүү. Ал кармалганда Атамбаев "Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун ишинде чындык эске алынбай жатканын көрүп, мен Албек Ибраимовго карата тергөөдө да объективдүүлүк болоруна ишене албайм" деп билдирүү тараткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG